Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, аймакта орто мектеп окуучуларын кийим менен камсыздоо милдетин алган “Бакытка карай жол” фирмасынын үстүнөн тергөө амалдары башталды.
Окуучуларды 15-августка чейин бирдей кийим менен камсыздоо боюнча мектептер жана фирма ортосунда келишим түзүлгөн. Бул үчүн ата-энелерден акча топтолгон. Келишим мөөнөтү бүткөнүнө карабай, фирма өкүлдөрүнөн дайын жок болгондуктан мектеп директорлору жана ата-энелер комитеттери милицияга арыз жазды.
Учурда «Бакытка карай жол» фирмасына кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатат. Алдын ала маалыматка караганда, фирмага миллион сомдон ашуун каражат которулган. (JsA)