Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

Түрк армиясы Сириядагы ИМ турумдарына сокку ура баштады


Түркия армиясынын согуштук учактары “Ислам мамлекети” террордук тобунун Сириядагы турумдарына сокку ура баштады. Расмий маалыматтарга караганда, чабуулдар АКШ баштаган коалиция катышуусунда ишке ашырылып жатат.

Анкара менен Вашингтон августтун башында Сирия жана Иракта бир катар аймактарды ээлеп алган экстремисттик топко каршы аскерий чабуулдарга Түркиянын да катышуусун күчөтүү боюнча келишим түзгөн. Анын алкагында НАТОнун мүчөсү болгон Түркия АКШнын аскерий учактарын Сирия менен чектеш Инжирлик аба базасына кондурууга уруксат берген. (SE)

XS
SM
MD
LG