Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Украина чыгышында өткөн суткада эки аскер өлдү


Соңку күндөрү кайра күч алган салгылашуулардан улам өткөн суткада украин армиясынын эки аскери каза таап, үчөө жараат алды. Маринька аймагындагы аткылашууда жети жашар бала да жарадар болгону айтылууда.

Ишемби күнү брифинг учурунда президенттик администрациянын атайын операциялар боюнча өкүлү Александр Мотузяник билдиргендей, Авдеев районунда жикчилдер өкмөттүк күчтөрдүн турумдарын танк менен аткылаган.

Ушул тапта Марьинки, Красногоровки жана Санжаровка аймактарында абал чыңалып турат. Донецк жана Мариупол шаарларында да кырдаал тынч эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG