Президент Алмазбек Атамбаев ушул жумада Кытай жана Иран мамлекеттерине барат. Өлкө башчынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 1-3-сентябрь күндөрү Кытай борбору Пекин шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан аземге катышат. Ал салтанатта Кыргызстандан Улуттук гвардиянын аскерлери да параддан өтөт.
Ал эми 4-сентябрда Атамбаев баштаган делегация Иранга расмий сапар менен жөнөйт. Ал жакта өлкө башчы Хасан Роухани баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуулар талкууланат. (SE)