Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:07

Пакистанда кайрадан аэропортко чабуул жасалды


Карачинин Жинна аэропорту талиптердин чабуулунан кийин. 10-июнь 2014
Карачинин Жинна аэропорту талиптердин чабуулунан кийин. 10-июнь 2014

30-августта таң азанда Пакистандын Гвадар районундагы Живани аэропортуна жасалган чабуулда эки инженер окко учуп, аба майдандын радардык системасы кыйратылды. Гвадар - Пакистандын түштүк чыгышындагы Кветта провинциясынын четки райондорунун бири.

Расмий билдирүүдө аэропортко мыкты куралданган ондон ашык согушчан чабуул койгону айтылат.

Кол салуудан үч күн мурда Исламабад өлкөдөгү бардык чоң аэропорттордо чукул кырдаал абалын жарыялап, майда аэропортторду кыраакы болууга чакырган эле.

Быйыл июнда да 10 талип согушчаны Карачи аэропортун курчоого алып, кагылышта 27 киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG