Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Gamma media group “Кыргызстан” партиясын алдамчылыкка айыптоодо


"Кыргызстан" партиясынын желеги.
"Кыргызстан" партиясынын желеги.

Жалаң концерттерди уюштурган Gamma media group уюму парламенттик шайлоого аттанган “Кыргызстан” партиясы алдамчылык кылганын ырастоодо. Уюмдун маалыматына караганда, 28-июлда чет элдик ырчылардын катышуусунда Бишкектеги борбордук аянтта концерт уюштурулмак. Бирок пландалган концерт ырчылар келген учурда токтотулган. Алардын жаткан-турганына жана башка каражаттарына “Кыргызстан” партиясы акча төлөөнү убада кылып, бирок бербей койгон. Бардык чыгымды өз чөнтөгүнөн төлөгөн Gamma media group “Кыргызстан” партиясынан убада кылынган акчаны бир айдан бери ала албай жүргөнүн билдирди.

“Азаттык” үналгысы бул боюнча партиянын айрым өкүлдөрүнө кайрылганда алар алар бул иштен кабарсыз экенин белгилешти. (SE)

XS
SM
MD
LG