Алгачкы тур 18-19-октябрь күндөргө белгиленди. Экинчиси 22-23-ноябрда өтмөкчү.
Абдил-Фаттах-ас-Сиси бийликке келгенден бери парламенттик шайлоону өткөрүү түрдүү себептер менен артка жылууда. Алгач 2014-жылдын башына пландаштырылган болчу.
Мисирде 2012-жылдан бери, тагыраак айтканда, демократиялык жол менен тандалган палата сот чечими менен таратылгандан бери парламентсиз жашайт.
Мурдагы президент Мухаммед Мурси 2013-жылы тактыдан кулатылгандан кийин армия Мисирде демократия орнотуу боюнча жол картасын жарыялаган. Шайлоо бул пландын акыркы пункту болуп саналат. (SE)