Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:29

Атамбаев: Шайлоону пайдаланып өлкөнү бөлгүсү келген “кузгундар” бар


Бул тууралуу өлкө президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн борбордук аянтта, Эгемендик майрамында сүйлөгөн сөзүндө айтты. Ал быйылкы парламенттик шайлоо Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин, аны пайдаланып өлкөнү бөлүп-жарууга аракет кылган күчтөр, саясатчылар бар экенин кошумчалады.

Бүгүн Кыргызстан эгемендиктин 24 жылдык майрамын белгилөөдө. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында башталган салтанатка президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бийлик өкүлдөрү катышууда. Кечкисин ошол эле аянтта Орусиядан келген ырчылар Дима Билан, Вера Брежнева жана Григорий Лепс концерт тартуулайт. Ушундай эле майрымдык иш-чаралар өлкөнүн бүт облус жана райондорунда уюштурулган. Өкмөт башчы Темир Сариев Оштогу салтанатка катышууда.

1991-жылы өлкө СССРдин курамынан бөлүнүп, көз карандысыз мамлекет болгон. Ошол жылы 31-август Кыргызстандын эгемендик күнү деп жарыяланган. (КE)

XS
SM
MD
LG