Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Миллер менен Атамбаев келечек пландарды талкуулайт


Орусиянын “Газпром” ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер Кыргызстанга бүгүн эртең менен келди. Ал премьер-министр Темир Сариев менен бирге Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы спорт комплексинин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма сөз катчысы Рысбек Арунов билдирди. Ушул эле күнү "Ташкен - Бишкек - Алматы" магистралдык газ түтүкчөлөрүнүн курулуш ишин баштап, ачып берди. Бишкектеги борбордук аянттагы концерттик иш-чарага катышып, андан соң президент Алмазбек Атамабев менен келечек пландарды талкуулайт.

Алексей Миллер “Газпром” Кыргызстанга 16 заманбап спорт комлексин куруп берүү убадасын айткан. Келишимге ылайык, компания Кыргызстанга 5 жыл аралыгында 20 миллиард рубль инвестиция алып келиши керек. Бирок орус тарап бул мөөнөттү 3 жылдык кылып өзгөртүүнү сунуштап жатат. (КE)

XS
SM
MD
LG