Талибдер лидери молдо Мухаммад Омардын өлүмүн эки жылдан ашуун убакыт бою жашырып келгенин 31-августта дагы бир жолу моюнга алып, ал 2013-жылдын 23-апрелинде өлгөнүн тастыктады. "Талибан" кыймылы быйыл июлда анын өлгөнү ачыкка чыгып кеткенге чейин молдо Омардын атынан билдирүүлөрдү жасап келген. Молдо Омар өзү болсо 2001-жылы Кабулда талибдер бийликтен оодарылгандан кийин көпчүлүктүн көзүнө көрүнгөн эмес.
Соңку билдирүүдө бул маалыматты "Талибандын" жогорку чөйрөсүндөгү саналуу адамдар гана билип, аны сыр катары сактоо чечими кабыл алынганы айтылат. Ага НАТО Ооганстандагы аскерий иш аракетин 2014-жылдын соңунда токтотору туралуу маалыматтар себеп болгон.
Ооган өкмөтү быйыл 29-июлда молдо Омар эки жыл мурда өлгөнү тастыкталганын жарыялаган. Ошондон соң гана талибдер анын өлгөнү жаап-жашырылып келгенин моюнга алууга аргасыз болгон.
Молдо Омар 1996-жылы “Талибан” кыймылын башкарып, Ислам Эмиратынын тушунда 2001-жылга чейин Ооганстанды жетектеп турган. 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы террордук окуялардан соң НАТОнун аракети менен Ооганстанда талибдердин бийлиги кулатылганда ал жашырынып кеткен.