Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:34

“Кыргызстан”: Gamma media group менен макулдашуу болгон эмес


Бул тууралуу “Кыргызстан” саясий партиясынын басма сөз кызматынын өкүлү Константин Конкин “Азаттыкка” билдирди. Ал Gamma media group уюму партия өкүлдөрүнө кызматташуу тууралуу кайрылганын, бирок ортодо эч кандай келишим болбогонун, саясий партия эч кандай милдеттенме албаганын билдирди.

“Gamma media group чынында эле бизге кызматташуу боюнча кайрылган. Биз ал сунушту караганбыз. Бирок президенттин үгүт иштерине тыюу салган буйругуна ылайык, концерт өткөрүүдөн баш тартканбыз. Кандайдыр бир келишимге кол коюлган эмес, эч кандай милдеттенме өзүбүзгө алган эмеспиз”, - деди Конкин.

Жалаң концерттерди уюштурган Gamma media group “Кыргызстан” партиясын алдамчылык кылды деп айыптап чыккан. Уюмдун маалыматына караганда, 28-июлда чет элдик ырчылардын катышуусунда Бишкектеги борбордук аянтта концерт уюштурулмак. Бирок пландалган концерт ырчылар келген учурда токтотулган. Алардын жаткан-турганына жана башка каражаттарына “Кыргызстан” партиясы акча төлөөнү убада кылып, бирок бербей койгон. Бардык чыгымды өз чөнтөгүнөн төлөгөн Gamma media group “Кыргызстан” партиясынан убада кылынган акчаны бир айдан бери ала албай жүргөнүн билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG