Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:31

Үрөй учурган тасмалары менен таанылган Крейвен дүйнө салды


АКШ -- Уес Крэйвен, 9-апрель, 2013
АКШ -- Уес Крэйвен, 9-апрель, 2013

Үрөй учурган тасмалардын чебери, Голливуд режиссеру Уес Крэйвен Лос-Анжелестеги үйүндө кечээ 76 жаш курагында дүйнө салды. Режиссер акыркы жылдары мээ шишиги илдетинен жапа чегип жүргөн.

Америкалык режиссер 1984-жылы "Кара жыгачтар көчөсүндөгү азап" аттуу фильми менен таанылып, тасма тез эле дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө тараган. 1996-жылы тартылган "Кыйкырык" тасмасы да ушундай эле ийгиликке жетишкен.

Ал чыгармачылыкка киришкенден тарта 30 чакты тасма тартып, эки китеп жазган. Уес Крейвен продюсерлик кылган "Сүрөттөгү кыз" аттуу тасма ушул сентябрда Торонтодогу эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөрү белгиленген.

XS
SM
MD
LG