Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Украин парламентинин алдында жарылуу болду


Украина -- Жогорку Рада алдындагы тополоң. Киев, 31-август, 2015.
Украина -- Жогорку Рада алдындагы тополоң. Киев, 31-август, 2015.

Жогорку Раданын алдындагы жарылуудан кеминде 15 адам жаракат алды. Алардын бир канчасы парламент имаратын кайтарып турган улуттук гвардиянын жоокерлери экени кабарланууда. Жогорку Рада бүгүн конституцияга өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдерге көбүрөөк автономия берген өзгөртүү киргизүүнү колдоп добуш берген.

Парламент алдында болсо мындай өзгөртүүгө каршы акция өтүп жаткан. "112 Украина" телеканалы нааразы демонстранттардын бири граната ыргытып, жарылуу ошондон чыканын билдирди. Мунун алдында нааразы топ конституцияга өзгөртүү киргизүү колдоо тапканын уккан соң, полиция тосмосун бузуп, имаратка кирүүгө аракет жасаганы, ага жооп катары көздөн жаш агызчу газ атылганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG