Ирактын батышында "Ислам мамлекети" радикал тобунун карамагындагы суннитер байырлаган Рутбах шаарында согушкерлер нааразылык билдирген 200 чакты адамды кармап кетти. Анбар провинциясында жайгашкан бул шаардын башчысы Имад ал-Ришауи шаар тургундары согушкерлер кармап кеткен адамдарды өлтүрүп салышы мүмкүн деп чочулап жатканын айтты. Анын сөзүнө караганда, каршылык 29-августта аталган топтун согушкерлери бир тургунду өлтүргөндөн кийин башталган. Шаар тургундары буга нааразылык билдирип, кууп таратмакчы болгон согушкерлер менен кагылышып кеткен.
Мындан соң согушкерлер 200гө жакын адамды кармап кетип, дагы жүз чакты кишини 24 саат электр мамыларына байлап коюу менен жазалаган.