Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

АКШ Пакистанды талибдер менен сүйлөшүүнү улантууга көмөктөшүүгө чакырды


Исламабадга барган АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сюзан Райс жекшемби күнү Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф, коргоо министри Рахил Шариф менен сүйлөштү. АКШ тараптын маалыматына караганда, Райс айым анда Ооган өкмөтү менен талибдердин июндагы сүйлөшүүсүн колдогону үчүн Пакистанга ыраазылык айтып, Вашингтон Ооганстандагы тынчтык жараянын колдогонун баса белгилеген. Ал Пакистанды кыжаалатка салган террорчулардын коңшу өлкөлөргө чабуул жасоосун токтотууга, Ооганстан, Индия менен мамилени жакшыртууга чакырган. Райс АКШ президенти Обаманын атынан Пакистан өкмөт башчысы Наваз Шарифти 22-октябрда Вашингтонго конокко да чакырды.

Премьер-министр Шарифтин кеңсеси жасаган билдирүүдө болсо “Кошмо Штаттар Пакистандын бардык тармактардагы, айрыкча, экономика, коргонуу жана терроризмге каршы көрүшүүдөгү маанилүү өнөктөшү” деп белгиленет.

Ооган өкмөтү менен "Талибан" өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы 7-июлда Пакистанда өткөн эле. Сүйлөшүү "Талибан" лидери молдо Омар эки жыл мурда өлгөнү тастыкталган соң уланбай калган.

XS
SM
MD
LG