Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Жаңы окуу жылы эки миң ашуун мугалим тартыштыгы менен башталды


Кыргызстандын 2200 ашуун мектептеринде бүгүн жаңы окуу жылы башталды. Расмий маалыматтарга караганда, быйыл окуучулардын жалпы саны 1 миллиондон ашат, аларга 16 195 мугалим билим беришет. Балдарга билим берүүгө 2340 мугалим жетишпей жатканын өткөн жумада премьер-министр ырастаган.

Өкмөт 1-сентябрдан тарта мектепте иштегендердин айлыгын 50% көтөрүүнү пландоодо. Бул үчүн бюджеттен 2,2 млрд. сом бөлүнөрү кабарланган.

Бул жылы Кыргызстанда 68 мектеп пайдаланууга берилет. Анын 26 жаңы окуу жылынын башталышында окуучуларга эшик ачса, 29 мектеп 1-октябрда, ал эми калган 13 мектеп 1-ноябрда ишке берилмекчи. (SE)

XS
SM
MD
LG