Жогорку Сот Бишкек шаардык соттун парламент депутаты Хажимурат Коркмазовду үй камагына чыгаруу чечимин колдогон жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева билдирди.
3-августта Бишкек шаардык соту депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүп, анын негизинде депутат сот залында бошотулган. 15-июль күнү УКМК менен Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазовду 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын кабарлаган.
Расмий маалыматка караганда, Коркмазов парламенттин мурдагы депутаты Нариман Түлеевге тиешелүү иштердин бирин Жогорку Сотто анын пайдасына чечип берүүгө ортомчу болуп, Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар пара сураган. Ал соттун чечими менен эки айга камалган. Жогорку Сот Коркмазовду 15-сентябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. (JM/KE)