Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:37

БШК: 61 киши партия тизмесинен чыкты


Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, “Кыргызстан элдеринин конгресси”, “Бир бол” жана "Ар намыс” партияларынан депутаттыкка талапкер айрым кишилер тизмеден чыгууда. Бүгүнкү күндө “Ар намыстан” жети, калган эки партиядан үчтөн адам өз каалоосу менен кетишкен. Тизме тапшырылгандан баштап жалпысынан 61 адам тизмеден чыккан.

Буга чейин КСДП Дилмурат Акпаралиевди, “Ата-Мекен” Эстуйбасов болуп фамилиясын өзгөрткөн Калыбек Саляновду тизмеден чыгарган. Дилмурат Акпаралиев 2011-жылы уюшма кылмыш топтун анабашы катары камакка алынганын, кримчөйрөдө “Дики” деген каймана ат менен белгилүү экенин,“зордуктоо” жана “карактоо” боюнча да айыпталып, эки ирет соттолуп чыкканын “Азаттык” радиосу кабарлаган болчу. Ал эми Калыбек Салянов былтыр жазында табышмактуу жагдайда киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаевага байланыштуу кылмыш иште көрсөтмө бергендердин арасында эле.

Парламенттик шайлоого катышуу үчүн 14 партия белгиленген мөөнөткө карата тиешелүү документтерин, талапкерлер тизмесин жана күрөөгө 5 миллион сом төгүлгөнү тууралуу кагазын тапшырышкан. Шайлоо 4-октябрга белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG