Өкмөт шайлоого жумшала турган 266 миллион сомду толугу менен БШК эсебине которду. Бул боюнча парламенттин Адам укугу, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди. Ал шайлоого даярдык убагында жүрүп жаткандыгын, Корея, Жапония жана Швейцария жабдууга акча бөлгөндүгүн кошумчалады. Ал жабдуулар азыр текшерүүдөн өтүүдө.
Абдраимовдун белгилешинче, Этикалык кодекске кол койгон партияларга 2-сентябрдан баштап атайын тренингдер башталат.
4-октябрда өтө турган парламенттин шайлоого 14 партия ат салышат . (КЕ/JM)