Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Биометрикалык маалымат топтогондордун акысы дагы эле төлөнө элек


Бул тууралуу БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов парламенттин комитет жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, биометрикалык маалымат топтогондор 1-январдан тартып 1 тыйын албай иштеп жатышат. Алар үчүн 47 млн. сом бөлүнүшү керек болчу.

БШК маалыматында, Бишкекте жашап, бирок шаарда катталбаган 200 миң жаран биометриасын тапшырды. Эми шайлоо дареги боюнча топтоо иштери жүрүүдө.

"Азыр талапкерлер өз туугандарын партия бекиткен участкага которуп жатат. Анткени аларга ошол участкадан алынган добуш маанилүү. Андыктан шайлоочунун дареги которулуп, бизге кыйынчылыктар түзүлүүдө,"-дейт Абдраимов.

БШК кошумча 29 участкалык шайлоо комиссиясын ачкан. (JM)

XS
SM
MD
LG