Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Будапешт темир жол вокзалына мигранттар киргизилбеди


Будапешттин Келети темир жол вокзалынын сыртында балдарын жана билеттерин көрсөтүп турган мигранттар. 1-сентябрь 2015
Будапешттин Келети темир жол вокзалынын сыртында балдарын жана билеттерин көрсөтүп турган мигранттар. 1-сентябрь 2015

Бүгүн жүздөгөн мигранттар Австрия жана Германияга кетчү поюздарды басып алууга аракет кылгандан кийин темир жол вокзалынан бардык адамдар чыгарылып, имарат жабылган болчу. Бешим ченде Келети вокзалы кайра ачылды. Бирок, мигранттар үчүн эмес. Вокзалга ID картасы, билети жана тийиштүү визалары бар жүргүнчүлөр гана киргизилүүдө. Бийлик вокзалда тартип орнотуп, Евробиримдиктин эрежесин киргизүүгө аракет кыларын билдирди.

Австрия полициясынын билдиришинче, 31-августта Венанын башкы темир жол вокзалына Венгриядан 3650 мигрант келген. Өткөн айда Евробиримдиктин мүчөсү Венгрияга 50 миң мигрант кирген. Алардын көбү коогалаң азабына туш келген сириялыктар, ирактыктар жана ооганстандыктар.

XS
SM
MD
LG