Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

Азербайжан журналисти Хадича Исмаилова 7, 5 жылга абакка кесилди


Хадича Исмаилова
Хадича Исмаилова

Жогорку бийлик чөйрөсүндөгү коррупцияны изилдеген “Азаттык” радиосунун азери кызматы менен иштешкен Исмаилова адамдарды каралаган, салык төлөгөн эмес, мыйзамсыз ишкердик кылган, мүлктү мыйзамсыз менчиктеп алган, укугун бейчеки пайдаланган деп айыпталды сотто. Ал өзүнө коюлган айыптоолор негизсиз деп башынан эле айтып жүргөн. Исмаилова 31-август күнкү сот жараянында Азербайжан өкмөтүн “репрессиячыл машине” деп атап, өзү саясый жүйөөдөн улам айыпталып жатканын айткандан кийин сот сүйлөттүрбөй токтоткон. Ал бирок изилдөөлөрү президент Алиев өкмөттүк бюджетти коромжу кылганын, андан Алиевдин үй-бүлөсү гана пайда көрүүдө деп айтканга үлгүргөн. Прокурор журналистти 9 жылга эркинен ажыратууну сураган болчу.

XS
SM
MD
LG