Жогорку Кеңештин азыркы курамындагы 120 депутаттын 90дон ашыгы алдыдагы парламенттик шайлоого катышканы жатат. Фракция лидерлери тизмедеги алдыңкы орундарда аттанган.
Айрым депутаттар буга чейин катталган партиясынан чыгып, башка партиянын тизмесинде барууда.
1-сентябрда парламент эки айлык жайкы тыныгуудан кайтып, ишке чыкты.
Коомчулук арасында парламент трибунасы үгүт үчүн колдонулушу ыктымалдыгы айтылууда.