Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Карамыкта жоголгон жоокер дагы эле дайынсыз


Кыргыз-тажик чек арасындагы Карамык тозотунда кызмат өтөп жатып, 23-августта жоголгон жоокердин дагы эле дайыны жок. Он күндөн бери уланып жаткан издөө иштери азырынча натыйжасыз экендигин Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Жоокер кар аралаш жамгыр жаап, туман түшүп турган учурда Түштүк Бокбашы ашуусуна кезметке чыккан бойдон кайра келген эмес. Ал жолунан адашып кетиш ыктымалдыгы айтылган.

Жоголгон жоокер 2014-жылдын күзүнөн бери Ош чек ара отрядына караштуу Карамык тозотунда кызмат өтөп жаткан. (SE)

XS
SM
MD
LG