Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында алгач 34 гана депутат каттоодон өттү. Кворум топтолбогондуктан 15 мүнөттүк танапис жарыяланды. Танапистен кийин да 52 гана депутат катталып, төрага Асылбек Жээнбеков отурум болбостугун маалымдады. Сессияны баштоо үчүн депутаттардын теңинен көбү катышуусу зарыл. Жогорку Кеңеште 120 депутат бар.
Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы курамы жайкы эс алуудан кийин кечээ, 1-сентябрда биринчи жыйынга чогулган. Депутаттардын 92си ар кайсы партиядан шайлоого катышып жаткандыктан, бүгүнкү жыйында кворум болбой калышы ыктымалдыгын Парламенттин аппаратынан “Азаттыкка” кабарлашкан эле. (КЕ/JM)