Нарын облусунун Ат-Башы районунда 100 орундуу мектеп ачылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Нарын облустук администрациясынын маалымат кызматы кабарлады. Жыл аягына чейин дагы 5 мектеп ишке кирери күтүлүүдө. Ар бир имараттын курулушуна 25 миллион сомдон 75 миллион сом чейин сарпталды. Нарын облусунда жалпысынан 139 мектеп бар. Анын 30у жараксыз абалда. (JM)