3-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Төмөнтөн соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 13...18,
Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 13...18,
Баткен облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 17...22,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11...16, күндүз 18...23,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7...12, күндүз 14...19,
Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20,
Бишкекте 3-сентябрда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күн күркүрөшү мүмкүн. Ылдыйтан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12....14 градус, күндүз 15....17 градус жылыйт. (КЕ)