Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Кыргыз-кытай темир жолунун экономикалык негиздемеси ушул айда бүтөт


Кыргыз-кытай темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемеси сентябрь айынын соңунда жыйынтыкталат. Бул тууралуу мамлекеттик “Кыргыз темир-жолу” ишканасынын долбоорлоо жана куруу департаментинин башчысы Канат Абдыкеримов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтуусунда, негизги багыт катары Торугарт - Ак-Бейит - Ат-Башы - Үгүт- Кош-Дөбө – Макмал - Таран-Базар - Жалал-Абад маршруту каралууда. Мындан сырткары Торугарт-Арпадан Фергана тоо кыркасы аркылуу Жалал-Абадга өткөн вариант бар.

Кыргызстанды Кытай менен байланыштырган темир жол куруу демилгеси көтөрүлгөнүнө он жылдан ашты. Бирок каржы маселеси боюнча орток пикир табылбай келүүдө.

Жыл башында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев темир жолдун курулушу боюнча бардык варианттарды иштеп чыгууну жана аны Кытай тарап менен дагы талкуулоону тапшырган эле. Ушул тапта Атамбаев баштаган кыргыз делегациясы Кытайда жүрөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG