Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:37

Сот “Эгемен Кыргызстандын” арызын канааттандырган жок


Бүгүн Бишкектеги Биринчи Май райондук соту “Эгемен Кыргызстан” партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн жазган арызын карады. БШК аталган партияны шайлоо алдында төлөнчү каражатты толук төкпөгөнү үчүн каттоого алган эмес. Сот БШК чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Чындык" партиясынын лидери, "Эгемен Кыргызстандын" тизмесинде алгачкы орунда турган Кубанычбек Кадыров билдирди.

Мыйзам боюнча, шайлоого аттанган партиялар алдын ала 5 миллион сом күрөө коюшу керек. “Эгемен Кыргызстан” партиясы белгиленген мөөнөт ичинде 700 миң сом гана төлөп, калганын дагы он күн аралыгында төлөп бермей болгон. Бирок БШК ага көнгөн эмес. Эми партия лидерлери Жогорку Сотко кайрылганы жатышат.

Оппозициялык көз караштагы “Эгемен Кыргызстан” партиясынын башында Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров сыяктуу саясатчылар бар. Алар шайлоого “КСДПсыз парламент!”, “Атамбаевсиз Кыргызстан!” деген радикал ураандар менен бараткан болчу. (КE)

XS
SM
MD
LG