Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

Кыргызстандын чек аралаш райондору Шинжаң менен кызматташат


Кыргызстандын чек аралаш райондору менен Кытайдын Шинжаң уйгур автономдук району ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салуу боюнча эки тараптуу макулдашууга бүгүн Бээжин шаарында кол коюлду. Документке ылайык, Ысык-Көл облусундагы эки, Нарындагы бир, Оштогу эки район чек аралаш райондор катары аныкталды.

Жергиликтүү администрациялар Шинжаң уйгур автономиясы менен экономика, транспорт, тоо өнөр жайы, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча кеңири ыйгарым укуктарга ээ болушат.

Экономика министри Олег Панкратов макулдашуу боюнча Кашгар жана Нарын эркин экономикалык зоналары кызматташарын, Кыргызстан эми чоң рыноктун бир бөлүгү болуп каларын белгиледи. Андан сырткары, Бишкек – Торугарт – Кашгар жолу, “Торугарт” өткөрмө бекети модернизацияланып, транспорттук инфраструктура жакшырат. Чек ара кызматташтык программасына экономика министри Олег Панкратов жана Кытайдын өнүгүү жана реформалар боюнча комитет төрагасы Сюй Шаоши кол коюшту.

Президент Алмазбек Атамбаев баштаган кыргыз делегациясы 2-сентбярдан бери Кытайда жүрөт. Сапар бүгүн соңуна чыгат. (ZMa\SE)

XS
SM
MD
LG