Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Бангкоктогу мелдеште кыргызстандык тогуз мушкер беттешин токтотту


Кыргызстандык мушкер Эркин Адылбек уулу ушул күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпиондугунун чейрек финалында мелдештерин жыйынтыктады.

Азиянын бокс конфедерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 2-сентябрда 81 кг. салмакта ал өзбекстандык Элшод Расуловго жеңилип калды.

Кыргыз мушкерлеринин арасынан бир гана Азат Үсөналиев 52 кг. салмакта мелдештерин улантат. Ал чейрек финалда филиппиндик Ян Баутистаны 3:0 эсеби менен утуп алган. Жарым финалда казакстандык Олжас Саттибаев менен күч сынашат.

Кыргызстандан Азия чемпиондугуна 10 мушкер катышып, алардын төртөө чейрек финалга чыккан. Буга чейин Өмүрбек Малабеков жана Эрмек Сакенов чейрек финалда атаандаштарына утулуп калышкан эле. (ECh)

XS
SM
MD
LG