Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Өкмөт кызматкерлери 11 сааттан иштөөгө өттү


Шайлоого байланыштуу премьер-министр Темир Сариев өкмөт кызматкерлерине 11 сааттан иштөө эрежесин киргизди.

Өкмөт башчы Твиттердеги расмий баракчасында билдиргендей, өкмөттө, министрликтерде иштегендер эртең мененки саат 9дан кечки саат 8ге чейин жумушта болот. Эреже 3-сентбярдан 4-октябрга чейин колдонулат. Ашыкча иштеген убакыт үчүн кызматкерлерге кенемте төлөнөбү же жокпу анык эмес.

Бул ыкма өкмөт өкүлдөрүн үгүт иштерине катыштырбоо максатында кабыл алынганын премьердин басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргызстандын Эмгек кодексинде кызматкерлердин бир күндүк иштөө убактысы 8 саат деп белгиленген. Ашыкча иштегендерге мекеменин ички эрежелери менен кенемте төлөнүшү керек. (SE)

XS
SM
MD
LG