Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:24

"Союз ТМА-18 М" космос чөлмөгү учурулду


"Союз ТМА-18 М" космос кемесинин экипажы.
"Союз ТМА-18 М" космос кемесинин экипажы.

Бүгүн эртең менен Байконур космодромунан учурулган кеме эки суткадан кийин Эл аралык космос станциясы менен жалгашат. Космос чөлмөгү бул ирет эл аралык станцияга үч космонавтты алып кетти. Алар: орусиялык Сергей Волков, даниялык Андреас Могенсен жана казакстандык Айдын Аимбетов.

Европа космос агенттигинин астронавты Могенсен космоско учкан биринчи даниялык. Ал казак космонавты экөө орбитада он сутка болот. Орус космонавты ЭКСда жарым жылдай жүрөт.

Айдын Аимбетов буга чейин бул топ менен космоско учууга белсенип, бирок кийинчерээк баш тарткан британ ырчысы Сара Брайтмандын ордуна учту. Ал эгемен Казакстандын атынан учкан алгачкы космонавт, анын 20 миллион долларга тете космос сапарынын чыгымын Казакстан өзү төлөйт.

Буга чейин Казакстандан чыккан туңгуч космонавт катары эсептелип келген Тохтар Аубакиров 1991-жылы СССРдин жараны жана орусиялык адис катары, дагы бир казак космонавты Талгат Мусабаев 1994-жылы Орусия жараны катары учкан.

XS
SM
MD
LG