Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:31

Кытайдагы парадга Улуттук гвардиянын жоокерлери да катышат


3-сентябрда Кытайдын Бээжин шаарында Экинчи Дүйнөлүк согуштун 70 жылдыгына арналган парад өтөт. Тяньаньмэнь аянтындагы парадга 10 миңге жакын жоокер катышары күтүлүүдө. Биринчи жолу Кытай тарап парадга чет өлкөлүк жоокерлердин катышуусуна уруксат берди. Миңге жакын чет өлкөлүк жоокерлердин катарында Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын 74 жоокери да бар. Алар парадга даярдануу үчүн августтун ортосунда Кытайга учуп кетишкен.

Кытай тарап 40 түрлүү 500 техниканы, 20 түрлүү 200 учакты парадга алып чыгары күтүлүүдө. Парадга ардактуу кароолдун аялдар бөлүгү да катышат.

Парадга дүйнөнүн 50гө жакын мамлекет башчысы чакырылып, алардын отузу келди. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев парадга катышуу үчүн Бээжинге 2-сентябрда учуп келген. Ал Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугушту.

Кытайдын төрагасы кыргыз президенти менен жолугушууда 70 жыл мурдагы жеңиштин маанисине токтолуп, мында Кыргызстандын жана Советтер Союзундагы боордош өлкөлөрдүн ролу да чоң болгонун белгиледи. Си Цзинпин Атамбаевге Кыргызстан парадга катышуу үчүн өз жоокерлерин жибергенине ыраазычылыгын билдирди. Өз кезегинде Атамбаев да бул иш-чара кыргыз жоокерлеринде биримдик духун тарбиялай турганын айтты.

Кытайда жүргөн кабарчыбыздын айтымында, ушул тапта Бээжинде коопсуздук чаралары катуу күчөтүлдү жана түн жарымда да парадга даярдыктар көрүлүүдө. Парадды 3 миңге жакын журналист чагылдырат.
Атамбаевдин Кытайга визити 3-сентябрда жыйынтыкталат. Президент Бээжинден кийин Иранга иш сапар менен барат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG