Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

Пономарев: Тамекиге тыюу салган мыйзам өзүн актаган жок


Мындай пикирин Кыргызстандын соода жана тейлөө тармагындагы ишкерлер ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев тамеки тартууну чектөөгө багытталган мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди. Анын айтуусунда, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелерине жакын жайларда чылым сатууга тыюу салган мыйзам өзүн актаган жок.

"Тыюу салуудан натыйжа чыкпасын убакыт далилдеди. Бирок, ага карабай, депутаттар бул мыйзамды дагы эле катаалдантканы жатышат. Депутаттардын тобу эми 100 метрлик алыстыкты мыйзамда так жазууну талап кылууда. Бул жемкорлуктун жаңы очогуна айланат,"-дейт Пономарев.

Андай болгондо тамеки бизнеси көмүскөгө качып, казынага 29 млн. сом түшпөй калыш ыктымалдыгын ишкерлер белгилешүүдө. Алар акциздик салыктан түшкөн каражатты тамекинин зыянын көрсөткөн социалдык жарнамаларга бөлүүнү туура көрүшөт.

Буга чейин М-Vector консалтинг компаниясы Бишкектеги мектеп окуучуларынын сергек жашоо түшүнүгүн иликтеп, өспүрүмдөрдүн 20% тамеки тартышарын аныктаган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында Кыргызстанда тамеки тарткандардын саны өскөнү белгиленген. Эркектердин 35,5%, аялдардын 3,3%, өспүрүм балдардын 6,8 жана кыздардын 2,8 % тамеки тартышат. (КЕ/JM)

XS
SM
MD
LG