Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

Мугалимдердин айлык акысы жогорулайт


Мугалимдердин айлык акысын көбөйтүш үчүн мамлекеттик мекемелердин айрым чыгымы азайтылат.

Мындай кабарды Кыргызстандын каржы министри Адылбек Касымалиев 2016-жылдын бюджет долбоору боюнча коомдук угууда маалымдады. Анын айтуусунда, быйыл мугалимдердин айлыгын көбөйтүүгө 2,2 млрд. сом бөлүү каралган.

"Акыркы жылдары көп бала бакчалар мамлекеттин эсебине кайтарылды. Аларды оңдоп, бирок каржы жетишсиздигинен ача албай турганбыз. Тарбиячылар менен башка кызматкерлердин маянасына акча бөлүү керек болчу", - деди Касымалиев. Өкмөт мамлекеттик мекемелердин автотранспортко, имаратты оңдоого жана жабдууга бөлүнчү акчасын азайтты.

Өкмөт 1-сентябрдан тарта мугалимдердин айлыгын 50% көтөрүлөрүн билдирген. (КЕ/JM)

XS
SM
MD
LG