Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Жээкке сүрүлгөн наристе сөөгү дүйнө коомчулугун дендароо кылды


The Telegraph басылмасы Түркиянын Бодрум шаарындагы жээкке Ак деңиз толкундары сүрүп чыгарган сириялык үч жашар наристенин сөөгү тартылган сүрөт дүйнөлүк басылмалар менен социалдык тармактарда чоң талкууга салынган темага айланганын жазды. Ал арада Британиянын өкмөт башчысы Девид Кэмерон тез арада качкындар кризисин чечүү керектигин айтып, билдирүү жасады.

Түркиянын Бодрум шаарынан Грекиянын Кос аралына кетип бараткан эки кайыкта үч жашар Айлан энеси жана беш жаштагы агасы Галип менен кошо деңизге чөгүп кеткен. Булардан башка беш наристе менен бир аял чөгүп кеткени кабарланууда.

Frontex эл аралык кызматынын маалымдоосунда, өткөн жумада 23 миң качкын Грекиянын чек арасын бузуп өтүүгө аракет кылган. (BCh)

XS
SM
MD
LG