Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Магадан соту да ПАРНАСтын доо арызын канааттандырбады


ПАРНАСтын төрагасы Михаил Касьянов
ПАРНАСтын төрагасы Михаил Касьянов

Магадан соту оппозициялык “Элдик эркиндик партиясы”- ПАРНАСтын доо арызын канааттандырган жок.

Мындай кабарды 3-сентябрда "Твиттердеги" баракчасы аркылуу партиянын борбордук кеңеш катчысы Дмитрий Крайнев таратты. Парнасчылар аймактык шайлоого катышчу талапкерлер тизмесин каттабай койгон облустук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарууну талап кылып сотко кайрылган.

Магадан облустук шайлоо комиссиясы ПАРНАСчылар топтогон колдордун көбү жараксыз экенин ырастап, каттоодон баш тарткан.

ПАРНАС, Алексей Навальныйдын Прогресс партиясы жана бир катар башка уюмдардын башын бириктирген Демократиялык коалиция Новосибирск, Кострома, Калуга жана Магадан облустарында өтчү аймактык шайлоодо өз талапкерлерин чыгарууну көздөгөн. Костромадан башка облустарда коалициянын тизмеси шайлоо комиссиясынын каттоосунан өткөрүлгөн жок.

XS
SM
MD
LG