Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:31

Бүгүн парламенттик шайлоого үгүт өнөктүгү башталды

Парламенттик шайлоого ат салышып жаткан партиялар бүгүн (3-сентябрь) расмий түрдө үгүт өнөктүгүн баштады. Жер-жерлердеги жолугушуулар, партияларды жарнамалоо иштери бир айга созулуп, шайлоодон бир күн мурда, тагыраак айтканда, 3-октябрда токтотулат.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, партиялар жөнүндөгү PR-макалаларды, үгүттөөчү маек жана маалыматтарды буга чейин каттоодон өткөн гезит-журналдар менен теле-радиолор гана жарыялоого укуктуу.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген, ага 14 партия ат салышууда. (SE)

XS
SM
MD
LG