Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Бишкекте эл аралык эпос фестивалы башталды


Баш калаадагы "Ала-Тоо" аянтында эл аралык III элдик эпостор фестивалын өткөрүү үчүн 20 боз үй тигилип, этношаарча курулду. 3-сентябрда башталган маданий иш-чара 6-сентябрга чейин уланат. Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов фестивалды өткөрүүгө бир жыл даярдык көрүлгөнүн, ага 15 мамлекеттен 45 өкүл келгенин билдирди.

Фестивалдын салтанаттуу аземи бүгүн "Ала-Тоо" аянтында өтөт. Анда театрлаштырылган оюн-зоок уюштурулуп, фольклордук чыгармалардын коштоосунда улуттук кийим-кечелер көрсөтүлөт.

Андан сырткары, программада эң мыкты боз үй, эң мыкты дастанчы жана “көчмөн” стилиндеги эң мыкты кийим багытында сынактар уюштурулат. (SE)

XS
SM
MD
LG