3-сентябрда Иорданиянын Амман шаарында футбол боюнча Кыргызстан менен Иордания курамалары беттешип, оюн 0:0 эсебинде аяктады. Таймаш 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында өттү.
Ушул эле күнү Кыргызстан ойногон В тайпасында Бангладеш командасын австралиялыктар өз жеринде 5:0 эсеби менен утуп алышты.
Эми кыргыз футболчулары 8-октябрда Тажикстандын, 13-октябрда Бангладештин курамаларын Бишкекте кабыл алат. 12-ноябрда Австралияда конокто ойношсо, 17-ноябрда Кыргызстанда иорданиялыктар менен беттешет.
2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо мелдештеринин 2-айлампасындагы акыркы оюнду кыргыз футболчулары 2016-жылы 29-мартта Тажикстанда өткөрүшөт. (ECh)