Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Жогорку Кеңеш имаратынын алдында “Саламатта барыңыз” пикетин өткөрөт. Акция аркылуу ал шайлоого шылтап, жумушка чыкпай аткан депутаттарга нааразылыгын билдирмекчи. Бул тууралуу Токтнасыров өзү "Азаттыкка" кабарлады.
Парламент депутаттары жайкы эс алуудан кайтканына карабай, Жогорку Кеңештеги жыйындарга толук келбей жатышат. Азыркы курамдагы 120 депутаттын 90 ашууну парламенттик шайлоого аттанышкан. (SE)