Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:01

Кыргызстанга АКШ мамкатчысынын жардамчысы келет


Кыргызстанга 8-9-сентябрь күндөрү Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ниша Бисвал келет. Бул тууралуу АКШнын Бишкектеги элчилигинин расмий сайтында жазылды. Ал мамлекет жетекчилери, өкмөт өкүлдөрү, ишкерлер жана студенттер менен жолугуп, мындан аркы кызматташууну талкуулайт.

Ушул жылдын 21-июлунда өкмөт башчы Темир Сариев эки өлкө ортосунда 1993-жылы кабыл алынган кызматташуу келишимин бир тараптуу бузган келишимге кол койгон. Ниша Бисвал борбор азиялык журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кыргыз өкмөтүнүн АКШ менен кызматташуу келишимин денонсациялоо чечими өз ара көмөктөшүү программасына залакасын тийгизиши мүмкүн экенин айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG