Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

“Азаттык” партиясы шайлоо мөөнөтүн жылдырууну талап кылууда


“Азаттык” партиясы Борбордук шайлоо комиссиясы тизмелерди каттоо боюнча мыйзамды бузду деп Биринчи май райондук сотуна кайрылды. Партия БШКнын тизмелерди каттоо чечимин жокко чыгарууну же шайлоо мөөнөтүн 25 күнгө жылдырууну талап кылууда. Бул тууралуу биздин радиого партиянын мүчөсү Мамбетжунус Абылов билдирди.

- Мыйзамда документ тапшыргандан кийин он күндүн ичинде же каттайт, же баш тартат. Биз 21-августта документ тапшырганбыз, БШК бизге 31-августта жооп бериши керек эле. Андай болгон жок. Булар 3-сентябрда катталдыңар деп жооп чыгарып атат, бул мыйзам бузгандыкка жатат. Ошондуктан сотко БШК чечимин жокко чыгырып же шайлоону жылдыргыла деп арыз бердик.

Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда парламентке барчу партиялардын тизмесин каттаган. Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда болот. Бүгүн үгүт иштери расмий башталды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG