Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Улуттук кеңеш бүгүнтөн байкоо жүргүзүүнү баштайт


Укук коргоочулардын Улуттук кеңеши бүгүнтөн тарта шайлоого байкоо сала баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” кеңештин төрагасы, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Кеңештин мүчөлөрү шайлоодо административдик ресурс колдонулуш-колдонулбашын, талапкерлер менен шайлоочулардын укугунун корголушун көзөмөлгө алат.

Улуттук кеңеш түзүү чечими Кыргызстанда адам укуктарынын коргоо ишинин башталганына 25 жыл толгонуна байланыштуу чакырылган форумда кабыл алынган.

Ушу тапта шайлоо өнөктүгүнө ЕККУнун 36 байкоочусу көз салып, ал эми добуш берүү күнү ЕККУдан 350 байкоочу келмекчи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG