Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:47

Путин Обаманы экстремизмге каршы эл аралык коалиция түзүүгө чакырды


В. Путин Бээжинде уюлдук телефондон сүйлөшүүдө. 3-сентябрь, 2015-жыл
В. Путин Бээжинде уюлдук телефондон сүйлөшүүдө. 3-сентябрь, 2015-жыл

Орусия президенти Владимир Путин АКШ президенти Барак Обама менен сүйлөшкөнүн 4-сентябрда Владивостокто журналисттерге жарыя кылды. Президенттин айтуусунда, АКШ жетекчисине “террорчулук менен экстремизмге күрөшүү үчүн эл аралык коалиция түзүү” тууралуу сунуш билдирилген.

Путин бул маселе боюнча Түркия, Сауд Арабия, Иордания жана башка мамлекеттердин лидерлери менен да баарлашкан. Обама менен сүйлөшүү учурунда Орусиянын “Ислам мамлекети” тобунун согушчандарына каршы аскердик операцияга катышуу маселеси да козголгон. Путин Орусия Сирияга каруу жарактан жана аскерлерди машыктыруудан жардам берип жатканын белгилеген.

АКШ Мамдепартамент өкүлү Марк Тонердин 3-сентябрда билдиришинче, АКШ Орусиянын Сириядагы Башар Асаддын өкмөтүнө аскер жана куралдан жардам берүүсүнө байкоо салып турат.

XS
SM
MD
LG