Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Бишкек мэриясы “Ата Мекендин” үгүт баннерлерин алып салды


Мындай маалыматты “Ата Мекен” партиясынын штабынан ырасташты. "Ата Мекен" партиясы ижарага алган аянтчаларга түн ичи илинген үгүт баннерлерин эртең менен Бишкек мэриясы алдыртып салган.

Партиянын штабындагылар Бишкектеги Тынчтык проспекти, Чүй, Киев, Токтогул, Бөкөнбаев, Горький көчөлөрүнө үгүт материалдарын илүү маалында белгисиз бирөөлөрдүн каршылыгына туш болушканын билдиришти. “Ата Мекен” партиясы бул окуя боюнча ички иштер кызматына, Башкы прокуратурага жана БШКга арыз менен кайрылды.

Бишкек мэринин басма сөз катчысы Гуля Алмамбетова түнкү окуя боюнча маалыматы жоктугун билдирди. Алмамбетова партиялар баннерлердин үлгүсүн кыргыз, орус тилинде алдын-ала көрсөтүшү керектигин, үгүт материалдары атайын нормага ылайык келген аймактарга гана илинерин белгиледи.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда болот. Ага 14 партия ат салышууда. Үгүт иштери бүгүн расмий башталды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG