Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:18

ИМ желдеттери Палмирада үч байыркы күмбөз-мунараны кыйратышты


Бэла храмынын жалпы көрүнүшү. 4-август, 2010-жыл
Бэла храмынын жалпы көрүнүшү. 4-август, 2010-жыл

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун желдеттери биздин замандын 44 жана 103-жылдары курулган күмбөз-мунараларды жардырып салышканын Палмирадагы булактар тастыкташканын 4-сентябрда Сириянын байыркы эстеликтерди сактоо кызматынын башчысы Мамун Абдулкерим билдирди.

Жихадчылар байыркы Палмираны быйыл май айында басып алышкан. Алар акыркы апталарда тарыхый шаардагы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесиндеги Баал Шамир жана Бэла храмдарын да тыптыйпыл кылышкан. Экстремисттер басып алган аймактардагы байыркы эстеликтерди, тарсалар менен мусулмандардын ыйык жайларын кыйратып келатышат.

XS
SM
MD
LG