Кыргызстандын каржы министрлигинен ырасташкандай, эмдиги жылкы мамлекеттик бюджеттин долбоорунда киреше 119.7 миллиард сом, чыгаша 147,2 миллиард сом, тартыштык 27,4 миллиард сом эсебинде каралууда.
2016-жылы мамлекеттик эмес кызматкерлердин айлык акысы көбөйөт. Ага бюджеттин долбоорунан кошумча 1 миллиард сом, кенже жана техникалык тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга – 541,2 млн сом, чек аранын жанындагы аймактарды өнүктүрүүгө – 100 млн сом, айыл чарбасын каржылоо боюнча долбоорго кошулчу коммерциялык банктардын пайыздык ченин субсидиялоого – 400 млн сом каралууда. (JM)