Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

Азербайжан-Армения чек арасындагы кагылыштан армян жоокери курман болду


Азербайжан-Армения чек арасы. Азербайжандын Казак шаары.
Азербайжан-Армения чек арасы. Азербайжандын Казак шаары.

Чек ара кагылышында эки армян жоокери менен эки жаран жарадар болгонун Армениянын Коргоо министрлигинин өкүлү Артсрун Ованесян билдирди. Анын айтуусунда, Азербайжан аскерлери 3-сентябрга караган түнү Армениянын 20 кыштагын аткылашып, ок атуулар Армения тараптар куралдуу жооп кайтарылгандан кийин токтогон.

Армения 2-сентябрда Азербайжанды Карабак боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдү болтурбаш үчүн чек арадагы абалды атайлап курчутуп жатат деп күнөөлөөдө.

Расмий Еревандын колдоосуна таянган Тоолуу Карабак армяндары анклавдын бир бөлүгүнөн азербайжан аскерлерин сүрүп чыгып, аймакты Азербайжанга баш ийбеген күнкорсуз аймак деп жарыялашкан.

1994-жылы уруш токтогону менен, алиге чейин аймак боюнча тараптар тынчтык келишимине келише элек.

XS
SM
MD
LG